Turmush — Бишкекте ыңгайлуу жерде жайгашкан, профессионалдуу тейлөө жана сапаттуу өнүмдүн кеңири ассортименти менен Beeline Кыргызстандын дагы бир кеңсеси ачылды.
Уюлдук оператордун жаңы флагмандык пункту «Дордой Плаза-2» соода борборунун биринчи кабатында (Ибраимова көч., 115) жайгашкан. Бул окуянын урматына жекшемби күнү, 17-декабрда Beeline соода борборунун абоненттери жана коноктору үчүн майрамдык иш-чара уюштурду.
Конокторду сый тамактар жана интерактивдүү программа менен тосуп алышты. Балдар жана чоңдор кызыктуу сынактарга, викториналарга жана лотереяларга катыша алышты. Эң активдүү катышуучуларга белектер – сувенирлер жана тиричилик техникалары тапшырылды. Мындан тышкары, Beeline музыкалык белек даярдаган: көрүүчүлөр үчүн популярдуу аткаруучулар JAX 02.14 жана Freeman 996 өздөрүнүн ырларын тартуулашты.
«Биз абоненттерибизге жакын болууга умтулабыз», - деп белгиледи Beeline Кыргызстан компаниясынын башкы директору Андрей Пятахин.
Жай учурда, кокусунан же сейилдөө учурунда соода кеңсесине барып, кызыккан маселелер боюнча кеңеш алуу ар бир адам үчүн абдан ыңгайлуу. Beeline кызматкерлери кандай суроо менен келгениңизге карабастан, сизге жардам берүүгө, кеңеш берүүгө жана ылайыктуу чечимди табууга жан дили менен жардам беришет. Мисалы, SIM-картаны сатып алуу жана каттоо, жагымдуу тарифти тандоо же эң сонун жаңы гаджет сатып алуу боюнча суроолор.
Beeline Кыргызстандагы уюлдук операторлордун ичинен Apple компаниясынын биринчи ыйгарым укуктуу реселлери. Жаңы кеңседен расмий кепилдик менен оригиналдуу Apple девайстарын сатып алсаңыз болот.
Beeline Кыргызстан өнөктөштөрү менен бирге эксклюзивдүү «IPhone+Интернет бир жылга» пакетин бөлүп сатып алуу боюнча жагымдуу сунуштарды да даярдады. Оригиналдуу смартфон менен бирге Сиз «Алтын+» категориясына чейинки кооз номерди, 4 жумага төлөнгөн «Супер Чексиз» тарифин жана жыл бою ай сайын 20 ГБ интернет топтомун аласыз! Пайызсыз бөлүп төлөөнүн эки варианты Beeline компаниясынын Asia Mall, Бишкек Парк, Дордой Плаза-2 жана Асыл-Таш бизнес борборундагы кеңселеринде жеткиликтүү.
Beeline: 25 жылдык мүмкүнчүлүк жана инновация!