Turmush — 30 жаштагы Баяке уулу Болоткан Кадамжай районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, анын бул кызматка дайындалыш жөнүндөгү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон. Жаңы акимди бүгүн, 14-декабрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев эмгек жамаатка тааныштырды.
Кадамжай районунун буга чейинки акими Кутпидин Шакиров 12-декабрда кызматынан бошотулган болчу.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.