Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 25.04.2014 17:07

Ак-Талаада республикалык мелдешке даярдык көрүү максатында уюштурулган 2 күндүк турнир башталды (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунда «Мамлекетүүлүктүбекемдөөжылына»карата райондук спорт бөлүмүтарабынан эки күндүк турнир башталды, деп маалымдады амактык кабарчы.

Райондук спорт бөлүмүнүн башчысы Улан Таштанкуловдун айтымында, «Дени сак улут - өнүгүп жаткан өлкө»аттуу ураандын астында өткөн айыл аймактарынын арасында мелдеште футбол, кыз-уландар арасында волейбол, ордо атуу, кол күрөш, кыргыз күрөшү жана эркектер арасында1 миң аралыктан 3 миң аралыкка чейин чуркоо боюнча күч сынашты. Ал эми кыз-келиндер арасында 500 аралыктан 1 миң аралыкка чейин чуркоо боюнча мелдеш болду.

Бүгүн футбол, волейбол жана күрөш боюнча мелдеш болуп жатат.

Ушул оюндун жыйынтыгы менен жеңишке жетишкендер 30-апрелде облустук мелдешке сапар алышат. Андан жеңип чыккандар, 28-май айынан тарта 2-июнга чейин Каракол шаарында өткөрүлүүчү жалпы республикалык мелдешке аттанышат.

IMG_3717

IMG_3726

IMG_3718

IMG_3719

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×