Turmush — Үч ай мурда жалгыз мамлекеттик MEGA байланыш операторунун жетекчиси алмашты. «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору болуп Айбек Күрөңкеев дайындалды. Ал жасаган иштери, компаниянын өнүгүү пландары тууралуу бүгүнкү маегинде айтып берди.
- Саламатсызбы Айбек Сүйөрбекович! Кызматка дайындалганга чейинки кесиптик ишмердүүлүгүңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз?
- Кутмандуу күнүңүз менен! Кыскача айта кетсем, MEGA компаниясынын башкы директору болуп дайындалганга чейин санариптик ишкердик, электрондук коммерция жана телекоммуникация тармактарында иштеп, 10 жылдык иш тажрыйбам бар. Бул мезгил мен үчүн аталган тармактын трансформациясын байкоого гана эмес, алардын өнүгүүсүнө катышууга да мыкты мүмкүнчүлүк болду десем болот. Кыргызстандын Электрондук коммерция ассоциациясынын президенти жана Байланыш операторлорунун ассоциациясынын аткаруучу директору болуп эмгектендим.
Электрондук коммерция, байланыш, телекоммуникация, банк иши, ошондой эле киберкоопсуздук чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга демилгечи болуу жана катышуу менин карьерамдын урунттуу учурларынын бири болгонуна кубанычтамын.
«Электрондук соода жөнүндө» КРнын мыйзамын, Кыргызстандын телекоммуникация тармагын өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиясынын жана «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасынын авторлорунун катарындамын. Бул документтер инновацияларды, санариптик трансформацияны стимулдаштырууга жана өлкөдөгү санариптик экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу климатты түзүүгө багытталган.
Менин максатым — санариптик чөйрөдө өзгөрүүлөрдү демилгелөө жана ишке ашырууну улантуу, өлкөбүздө электрондук коммерциянын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү трансформациялоо боюнча улуттук санариптик демилгелердин башында болуу мүмкүнчүлүгүнө, жетекчиликтин жогорку ишенимине татыктуу болгонума ыраазымын. Биргелешкен аракеттер менен биз Кыргызстанды акылдуу экономиканын алдыңкы оюнчусуна айландыра аларыбызга ишенем!
- MEGA компаниясында эмгектене баштаган алгачкы айлар тууралуу айтып берсеңиз.
Бүгүнкү күндө MEGA — калкка телекоммуникациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча лидер гана болбостон, ошондой эле санариптик трансформация жана калкка мамлекеттик жана финансылык технология кызматтарын көрсөтүү жаатында флагман жана мамлекеттин өнөктөшү болуп саналат.
Өнүгүүнүн ушул этабында, өзүмдүн ролумду компаниянын көрсөткөн кызматтардын сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, жарандарыбыздын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн инновациялык, технологиялык чечимдерди иштеп чыгууну жана жайылтууну тездетүү жаатындагы саясатын улантууда жана күчөтүүдө көрөм.
Башкы миссия — ар бир жаран үчүн зарыл болгон бардык кызматтарга тез, ыңгайлуу жана ишенимдүү жетүүнү камсыздоочу телекоммуникациялык жана санариптик кызматтардын мамлекеттик провайдери катары, улуттук санариптик экосистеманы өнүктүрүүнү белгилей алам.
Бул максатта биздин команда тарабынан эки ай ичинде эбегейсиз ички аналитикалык жана изилдөө иштери жүргүзүлдү. Анын алкагында түрдүү багыттагы жумушчу жолугушууларды өткөрдүк. Бул абоненттерибиздин бизге алгачкы жолу кайрылган күнүнөн баштап, кызматтарыбызды сатып алгандан кийин да, аларды колдоо, ошондой эле кардарлар менен өз ара аракеттенүүбүздүн бардык аспектилерин жакшыртат деп ишенем.
Мындан тышкары, 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын, ошондой эле «Санарип Кыргызстан 2019-2023» Стратегиясын ишке ашыруунун алкагында, региондорду өнүктүрүү жана алыскы райондордо биздин кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу биздин ишибиздин негизги артыкчылыктарынын бири бойдон калууда.
Ушуга байланыштуу бардык аймактарда иш сапарларда болуп, аймактык бөлүмдөрдүн учурдагы абалы жана күз-кыш мезгилине даярдыгы менен жеке таанышып чыктым.
Биз жарандар үчүн санариптик «дивиденддерге» бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана санариптик теңсиздикти кыскартуу үчүн облустардын бардык алыскы калктуу пункттарына санариптик технологияларды жана телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдү интеграциялоо маанилүү экендигин түшүнөбүз.
Биз сапаттуу кызматтарды көрсөтүүгө гана эмес, ошондой эле биздин абоненттердин каалоолорун жана мүдөөлөрүн түшүнүүгө терең маани беребиз. Бул контекстте биз кардарларыбыздын мутаждыктарын канааттандыруу үчүн сунуштарыбызды өркүндөтүү максатында кеңири изилдөө жүргүздүк. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча абоненттерибиз үчүн күтүүсүз белектерди жана бонустарды иштеп чыктык. Бул инновациялык чечимдер жана өркүндөтүүлөр кардарлардын суроо-талаптарын жана каалоолорун канааттандырууга, ийкемдүү жана жекелештирилген кызматты түзүүгө багытталат.
Айрым өнүмдөрдү декабрдын аягына чейин жарыялайбыз.
- Сиздин жаңычыл демилгелериңизди компаниянын жамааты кандай кабыл алды?
MEGA командасы ар дайым кесипкөйлүгү, күчтүү корпоративдик маданияты, жалпы баалуулуктары жана компанияга болгон берилгендиги менен айырмаланып келген. Кызматкерлер менен жолугушуу учурунда өсүп-өнүгүү багыттары да белгиленди.
Анын эң маанилүү бөлүгү компаниянын өнүгүү планына киргизилген жана айрым чечимдер ишке ашырылды. Мындай аракеттер компаниянын жамааты тарабынан жакшы кабыл алынды. Мисалы, тең салмактуу стимулдаштыруучу мотивациялык программалар түзүлүп, корпоративдик иш-чаралар өткөрүлдү жана иштин натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу үчүн жол картасы иштелип чыкты.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин команданын бардык мүчөлөрүнө жогорку кесипкөйлүгү жана берилгендиги үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. Ар бир кызматкердин жеке салымы жана жалпы ишке, баалуулуктарга жана миссиябызга чын жүрөктөн ишенүү, биздин жалпы ийгиликтерибиздин негизги фактору болуп саналат.
Сиздердин аракеттериңиздер менен биз ажырагыс бир бүтүн болуп өсүп-өнүгүүнү улантабыз. Мен бул команданын бир бөлүгү болгонума сыймыктанам.
- Кардарлар MEGA′дан кандай жаңы чечимдерди күтсө болот?
Биз өзүбүздү жана бизнес моделибизди кайрадан карап чыктык жана улуттук санариптик экосистемада, жарандар жана ишкерлер үчүн ишенимдүү мамлекеттик смарт-платформа катары көрөбүз. Биздин ишибиздин башкы артыкчылыктарынын катарында өлкөнүн санариптик экономикасын туруктуу өнүктүрүүдө мамлекеттик демилгелерде жана программаларда ар тараптуу активдүү катышуу жана колдоо.
Бүгүнкү күндө MEGA байланыш оператору гана эмес. Бүгүн биз санариптик жана мамлекеттик кызматтардын, ишкерлер жана калк үчүн көптөгөн кызматтардын, анын ичинде өлкөнүн экосистемасынын бардык катышуучулары үчүн коопсуз финансылык чечимдердин провайдерибиз.
Акционерлердин алмашуусуна жана 100% үлүшүн Санариптик өнүктүрүү министрлигинен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына өткөрүп берүүсүнө байланыштуу биз кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүүнү, компаниянын инвестициялык саясатын бекемдөөнү, маалыматтык жана технологиялык кубаттуулугун жогорулатууну пландап жатабыз. MEGA′нын жаңыланган стратегиясы ошондой эле ESG туруктуу өнүгүү принциптерине негизделет жана экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик сыяктуу параметрлерди камтыйт.
- Сиздин оюңузча, компаниянын келечектеги өнүгүүсү үчүн кандай стратегиялык пландар жана көз караштар артыкчылыктуу?
- Бүгүнкү күндө 3 миллионго жакын абонент MEGA′нын сапаттуу байланышын жана ишенимдүү кызматтарын тандайт. Абоненттерибиз мыкты чечимдерди жана кызматтарды колдонууну каалашат. Ал эми компаниянын максаты – жашоонун бардык аспектилерин камтыган ыңгайлуу кызматтарды көрсөтүү менен, ар бир кардардын ─ абоненттин күнүмдүк жашоосунда чыныгы өнөктөш болуу. MEGA санариптик платформа катары биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр жана биздин абоненттердин айланасында сервистердин ыңгайлуу экотутумун түзүү жаатында кызматташуу үчүн ачык. Келгиле, анда эмесе, инновацияларды жана санариптик технологияларды колдонуу менен бирге кыргызстандыктардын жашоо сапатын жогорулаталы!