Turmush — Чүй районунун Аламүдүн айыл өкмөтү калк менен биргеликте ички керектөө үчүн газдаштыруу иштерин улантты.
Айыл өкмөт башчысы Найзабек Көлбаев билдиргендей, жергиликтүү калктын жашоо-турмушун жакшыртуу, абанын булганышын азайтуу жана электр энергиясын үнөмдөө максатында тургундардын жалпы жыйынында газдаштыруу боюнча муниципалитет менен биргеликте иш алып баруу чечими кабыл алынган.
Жашоочулардын жалпы жыйынында бир нече көчөлөрдү газдаштыруу чечими кабыл алынып, газга кошулууну каалаган үйлөр аныкталган. Жергиликтүү тургундардын үйлөрүн газ менен камсыз кылуу үчүн айыл өкмөт тарабынан газ магистралынан короого чейин газдаштырууга кеткен жалпы чыгымдын 30%ы жергиликтүү бюджеттен элге жардам катары бөлүнгөн.
«2022-жылы 50дөн ашык кожолукка газдаштыруу иштери жүргүзүлгөндөн кийин быйыл газга кошулууну каалагандардын саны эки эсеге өстү. Жыйында газдаштыруу үчүн беш көчө белгиленип, каалоочулар 90го жакын кожолук аныкталып, жалпы чыгымдын 30%ы аларга жардам катары бөлүндү. Быйыл газдаштырууга жергиликтүү бюджеттен 1 миллион 600 миң сом бөлүнгөн. Башка көчөлөрдүн жашоочулары каалашса, муниципалитет да жардам берет, муну дагы кийинки жылдын планына киргизип жатабыз», - деди ал.
2022-жылы Аламүдүн районунда эки көчө газдаштырылып, борбордук магистралдык линия тартылган. Аламүдүн айылынын эки көчөсүнө — Панфилова көчөсүнө жана Дальный проспектисине газ өткөрүлүп, 50дөн ашык короо-сарайлар кошулган.