Turmush — Нурсултан Рустамов Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
Маалым болгондой, анын бул кызматка дайындалышы боюнча буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилиги кол койгон. Ал өткөн аптада жамаатка тааныштырылган.
- Бул кызматты буга чейин Абдыжапар Капаров жетектеп келген.