Turmush — Өлкөнүн эң чоң жана көптөн күткөн жаңы жылдык жармаңкеси — «Түндүк жаркырагы» кайтып келди! 8-декабрда «Фламинго» паркы сыйкырга жана майрамдык маанайга толгон чыныгы кышкы жомокко айланат.
Бул жылы Balance компаниясы иш-чаранын расмий өнөктөшү катары чыгат, демек, «Түндүк жаркырагына» баруу дагы оңой болот. Эми кассада кезек күтүп, убакытты текке кетирүүнүн кажети жок – анткени жаңы жылдык жарманкеге билеттерди түздөн-түз Balance тиркемесинен сатып алсаңыз болот! Ал үчүн смартфондо тиркемени ачып, «Түндүк жаркырагы» кызматын таап жана каалаган ыңгайлуу ыкма менен сатып алууну төлөө жетиштүү.
Balance дагы бир жаңы жылдык сюрприз даярдады – акчаңызды үнөмдөп, дем алыш күндөрүнө билеттерди иш күндөрүндөгү баада балдарга да, чоңдорго да ала аласыз! Билеттер автоматтык түрдө төлөм тарыхында сакталат жана каалаган убакта жеткиликтүү болот. Тиркемени бардык мобилдик операторлордун абоненттери колдоно алышат.
«Түндүк жаркырагы» – бул уникалдуу иш-чара, анда бардык курактагы коноктор жаңы жылдык жасалгаларды, театрлаштырылган оюн-зоокторду жана концерттерди, кызыктуу мастер-класстарды, жарык менен болгон шоу жана башка сюрприздерди күтүшөт. Жомок каармандары, шайыр аниматорлор, бүйүрдү кызыта турган бийчилер жана Аяз ата менен жолугушууга даяр болуңуз!
Жаңы жылдык «Түндүк жаркырагы» жарманкесинде Balance менен бирге майрамдык маанайдан ырахат алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Сизди жана жакындарыңызды эстен кеткис убакыт өткөрүүгө чакырабыз!
Balance аркылуу сатып алууда кирүү билетинин баасы (аптанын каалаган күнү):
-
Чоңдор үчүн – 350 сом;
-
Балдар үчүн – 400 сомов (с 3 до 12 лет).
-
Үч жашка чейинки балдар үчүн кирүү акысыз!
Жаңы жылдык «Түндүк жаркырагы» жарманкеси 8-декабрдан 7-январга чейин келүүчүлөр үчүн ачык болот. Дареги: Ч.Айтматов проспектиси, 303д., «Фламинго» паркы.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш:
-
Телефон: +996 995 295 100
-
Instagram: @severnoesiyanie_bishkek @balance_kg