Turmush — Кечээ, 7-декабрда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде «Окуу керемет» билим берүү долбоорунун алкагында иш-чара болуп өттү.
Аны КӨЭАУнун профессору Т.Э.Исаков программа боюнча алып барды. Бул иш-чарага Бишкектен «Окуу керемет» долбоорунун директорунун орун басары Нургүл Токтогулова, долбоордун математика боюнча адиси Аида Аликова Аида, окуу боюнча адиси Айкынай Юсупова жана «Окуу керемет!» долбоорунун тренингдер боюнча аймактык адиси Үмүт Какеева, ошондой эле ОшМУ жана ОшМПУнун методист окутуучулары катышты.
Иш-чара программа боюнча эки бөлүктөн туруп, күндүн биринчи жарымында гуманитардык-педагогикалык факультетинин ага окутуучусу М.Халмуратова «Обучение пониманию прочитанного», ал эми кесиптик колледждин окутуучусу Д.Бабашева «Чыныгы турмуштук кырдаалдардагы маселелерди чыгаруунун технологиясы» деген темада практикалык көргөзмөлүү сабактарды өтүп беришти.
Ал эми күндүн экинчи жарымында КӨЭАУнун материалдык-техникалык базалары менен таанышуу максатында экскурсиялар уюштурулуп, андан кийин «Окуу керемет» долбооруна ылайык атайын мастер-класс жана тегерек столдор өткөрүлдү. Мастер классты гуманитардык-педагогикалык факультетинин ага окутуучусу М.Сарыбаева «Математикалык планшет жана геоборд» деген аталышта, ал эми кесиптик колледждин окутуучусу Б.Байиева «Башталгыч класстарда күн сайын жана чыгармачыл жазуунун түрлөрү жана натыйжалуулугу» деген аталышта уюштурулду.
Андан кийин «Математиканы жана окууну окутуунун актуалдуу маселелери» аталышында тегерек стол уюштурулду. Тегерек столдо ОшМУнун индустриялдык-педагогикалык колледжинин бирикеме башчысы К.Байгазиев башталгыч класстардын математикасы боюнча тексттик маселелерди чыгаруунун усулдары тууралуу кызыктуу баяндама жасап берди.
Бүгүнкү иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыктары үчүн гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы, п.и.к. И.С.Узакбаевге жана кесиптик колледждин директору Ч.Х.Абдуллаевага катышуучулар тарабынан ыраазычылык айтылды.