Turmush — Ак-Суу районунун Челпек айыл аймагында Ачыкеев Бактыбек атындагы жаңы конушу пайда болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалыматка караганда, салтанаттуу аземге Ак-Суу районунун акиминин орун басары Гүлзат Суранчиева, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Бактыбек Ачыкеевдин үй-бүлөсү жана жаңы конуштун тургундары катышты.
Жаңы конуш 2011-жылы негизделип, ошол учурдан тарта тургундар жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт (кызыл китеп) жок жашап келген.
«Бул конушта 100гө жакын адам жашайбыз. Кызыл китебибиз жоктугунан улам көп кыйынчылыктарды тартып келдик. Медициналык кароодон өтүү жана мектеп, бала бакчага балдарды берүү кыйынга турчу. Жер мунапысы боюнча жарлыктын чыгышы менен кызыл китеп алдык. Анан кош сүйүнүч, жаңы конушка Бактыбек Алчикеевдин ысымы ыйгарылып жатат. Бул киши көзүнүн тирүүсүндө “ушул жерди жаштарга берели” деп демилгелеп берген. Эми конуш мыйзамдуу түрдө өнүгөт деп ойлойбуз», - дешет тургундар.
Ачыкеев Бактыбек атындагы жаңы конушу 2011-жылы 120 тилкеге бөлүнүп, элге берилген. Учурда 100гө жакын түтүн бар.
Жаны конушка Бактыбек Алчикеевдин ысымын ыйгаруу Челпек айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын 18-сессиясында колдоо тапкан.
Челпек айыл өкмөтүнүн башчысы Салават Кадаевдин демилгеси менен эл таза суу менен камсыздалып, жолдор оңдолуп, жашоо шарты заман талабына ылайык ыңгайлашууда.
Иш-чарага келген коноктор жаңы конуштун аталышы ак жолтой болуп, өнүгүүгө өбөлгө болушун тилек кылышты.
Алчикеев Бактыбек Амантурович 1963-жылы 21-сентябрда Ак-Суу районунун Челпек айыл аймагына караштуу Таш-Кыя айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын улуусу. 1980-жылы орто мектепти аяктаган соң, Советтик армияда кызмат өтөгөн. 1984-1989-жылдары Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтундап билим алган.
Эмгек жолу:
- 1989-1991-жылдары Лейлек районунун Чапаев атындагы мектеп-гиманзиясында мугалим;
- 1992-1994-жылдары Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунда мугалим;
- 1994-1996-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатында мугалим;
- 2010-2011-жылдары «Чельпек» ачык акционердик коомунда эмгектенген.
Бактыбек Ачыкеев 2011-жылдын 28-сентябрында 48 жашында мезгилсиз дүйнө салган. Анын артында 2 уул жана 2 кызы калган.