Turmush — Ош технологиялык университетинде жыл сайын салтка айланган 1-курстар аралык спартакиада жыйынтыкталды.
Бул спорттук иш-чара эки жумага созулуп, спорттун улуттук жана классикалык түрлөрүнөн ар бир факультеттин командалары күч сынашты. Жыл сайын өткөрүлүүчү факультеттер аралык спорттук мелдештин негизги максаты жаштарды дени сак жашоого үндөө, адамдар арасындагы ынтымакты, достукту бекемдөө, жана университеттин курама командасына мыкты спортчуларды тандап алуу болуп эсептелет.
Мелдештин жүрүшүнө университеттин дене тарбия кафедрасынын жалпы жамааты калыстык кылышты.
Жыйынтык:
- 1-орун — Гуманитардык-технологиялык колледжинин командасы;
- 2-орун — кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин командасы;
- 3-орун — табигый-техникалык факультетинин командасы.
Жеңүүчү командаларга университет жетекчилиги тарабынан дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.