Turmush — Ош технологиялык университетине Түркия Республикасынан окумуштуулардын жана ойлоп табуучулардын ассоциациясынын (BİMUD) башкы директору Юсуф Уйгур жетектеген делегация келди.
Делегацияны ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев кабыл алып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө техника, технология багытында кеңири чөйрөдө кызматташууну макулдашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө делегация курамы университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыкты жана технология, электротехника, маалымат технологиялары, механика жана энергетика багытында кызматташуу үчүн атайын жумушчу топ менен иштешти.
ОшТУ аталган уюм менен мындан ары да тыгыз масштабда кызматташат.