Turmush — Beeline Кыргызстан 1-декабрда Бишкекте өткөн AmCham GALA-2023 Америкалык соода палатасынын мүчөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн жылдык жыйынына катышты.
Дипломаттар, ишкерлер, мамлекеттик чиновниктер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Палатанын мүчөлөрү жана өнөктөштөрү жыл жыйынтыгын чыгарып, жетишкендиктер жана ийгиликтүү долбоорлор менен бөлүшүштү.
Кеченин кульминациясы AmCham Awards-2023 сыйлыктарын тапшыруу аземи болду. Сыйлыктар тогуз номинация боюнча тапшырылды: «Жылдын мыкты иш берүүчүсү», «Коомдун жыргалчылыгы үчүн иштегени», «Жылдын насаатчысы», «Инновациядагы жана технологиядагы жетишкендиктери үчүн», «Жылдын ачылышы», «Кардарларга багытталган бизнестин лидери», «Жашыл лидер», «Жылдын командасы» жана «Жылдын өнөктөшү» Beeline Кыргызстан сынактын жыйынтыгында «Жылдын мыкты иш берүүчүсү» номинациясында жеңүүчү деп табылды.
«Эл аралык оператор жана өлкөнүн эң ири иш берүүчүлөрүнүн бири катары биз корпоративдик маданиятты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Компания жумушчу атмосферанын ыңгайлуу, позитивдүү жана шыктандыруучу болушуна кам көрөт. Масштабдуу долбоорлор, бонустук программалар, ар кандай иш-чаралар, кызматкерлер үчүн окуу курстары, жаш адистер үчүн акы төлөнүүчү стажировка – бул чоң корпоративдик Beeline стратегиясынын кичинекей гана бөлүгү. Биз бул жетишкендик менен абдан сыймыктанабыз жана AmCham Awards - 2023 Ардак сыйлыгы компаниянын мындан аркы өнүгүүсү үчүн жакшы стимул болот.
Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасы – экономиканын ар түрдүү тармактарындагы 100дөн ашуун ири, орто жана чакан ишканаларды бириктирген алдыңкы эл аралык бизнес-ассоциация. Ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосундагы байланыш катары Американын соода палатасы өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртууга салым кошот», - деп белгиледи башкы директордун биринчи орун басары, Beeline Кыргызстан компаниясынын каржы директору Айзада Мадамбекова.
Beeline: 25 жылдык мүмкүнчүлүк жана инновация!
