Turmush — Ош технологиялык университетинде 4-декабрь — «Манас» эпосунун күнү белгиленди.
Окуу жайда Министрлер кабинетинин «Манас» эпосун изилдөө, популярдаштыруу жана «Манас — улут биримдиги жана ынтымагы» маалымат өнөктүгүнүн концепциясын ишке ашыруунун алкагында «Манас» эпосундагы мамлекеттик иденттүүлүк жана улуттук идеология» темасында илимий-практикалык семинар өткөрүлдү. Аталган иш-чара илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү, мамлекеттик тил кафедрасы жана гуманитардык -технологиялык колледжинин мамлекеттик жана дүйнөлүк тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар, сырттан келген коноктор жана студенттер катышты.
Илимий семинарды мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы А.Т.Саттарова ачып, «Манас» эпосунун күнү менен куттуктап, семинардын катышуучуларына ийгилик каалады. Университеттин окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытов «Манас» эпосу — кыргыз элинин руханий табылгаларынын, басып өткөн тарыхый жолунун орчундуу окуяларын чогултуп, укумдан-тукумга өтүп келген улуу мурасы, улуттук сыймыгы экендигин белгиледи.
Иш-чаранын алкагында баяндамачылар тарабынан кыргыз улуттук мамлекеттик идеологиясы кыргыз элинин, кыргызстандыктардын жана өлкөдө жашаган ар бир жарандын түпкү мүдөө-максаттарына туура келиши жана аны бир адам таанып билүүгө, үйрөнүүгө жана аны ишке ашырууга милдеттүү экендиги тууралуу маалыматтар айтылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө таланттуу студенттер тарабынан «Манас» айтуу флешмобу уюштурулду.