Turmush — Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүн 2022-жылдын февраль айынан бери Руслан Талантбек уулу жетектеп келет.
Жыл башынан бери айыл өкмөттө бир топ саамалыктар болуп, сугат сууга болгон муктаждык жоюлуп, айыл айыл элинин жашоо-шарты жакшырган. Айыл өкмөттүн аймагында ички жана тышкы инвестициянын көлөмү болжол менен 350 миллион сомду түздү.
Айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу аракети көрүлүп жатат.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө 2023-жылы аткарылган иштер
Кызыл-Октябрь айыл ѳкмѳтүндө ѳткѳн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экономиканын ѳсүү темпи турукташып, негизи кѳрсѳткүчтѳр боюнча пландар айыл ѳкмѳт кызматкерлеринин түшүндүрүү иштеринин алкагында ашыгы менен аткарылды.
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын өнүктүрүү стратегиясынын иш-чараларында белгиленген милдеттерди жана реалдуу сектордун активдүүлүгүн жандандырууну камсыз кылууда алгылыктуу иштер аткарылды. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө 2023-жылдын 1-январына карата калктын саны 17 миң 570 жаранды түздү.
Айылдын аталышы | Кожолук саны | Адам саны | Убактылуу жоктор |
Эски-Покровка | 401 | 2348 | 279 |
Алга | 343 | 1901 | 186 |
Беш- Абышка | 39 | 264 | 51 |
Гузар | 188 | 1063 | 180 |
Кочкор-Ата | 210 | 991 | 98 |
Кремль | 111 | 765 | 91 |
Куршаб (лесхоз) | 124 | 768 | 94 |
Кызыл-Октябрь | 546 | 3253 | 396 |
Ынтымак | 344 | 1112 | 862 |
Кызыл- Сеңир | 912 | 5105 | 634 |
Айыл ѳкмѳт боюнча | 3214 | 17456 | 2809 |
Айыл аймактын курамында 10 айыл бар. 7 орто мектеп, 2 башталгыч мектеп, 9 бала бакча, 1 кесиптик лицей, 1 айылдык маданият үйү, 2 китепкана, 7 ФАП ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Мындан сырткары 3 спорт зал, 2 спорттук аянтча айыл аймактын калкына кызмат кылууда.
Айыл жана мал чарбасы
Айыл аймактын калкы негизинен дыйканчылык менен алектенет. Элге үлүштүк жер катары 800 га сугат, 1173 га кайрак жер, 407 га чөп ормо берилген. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери — 416 га сугат, 682 га кайрак, 52 га чөп ормо, 131 га көп жылдык бак-дарак болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө мамлекеттин саясаты болгон азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу боюнча кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлеринен мөөнөтү бүткѳн жер аянттары, райондук агрардык башкармалыгына өткѳрүлүп берилүүдө. Жалпы айыл аймак боюнча жеке механизаторлордо 14 трактор, 5 комбайн, 4 плющилка жана башка техникалар аймактагы жазгы айдап-себүү, күзгү ооруп-жыйноо жумуштарында жакындан жардам көрсөтүп, кылкандуу дан эгиндери жана мал-жандыкка тоют чөптөрү коромжусуз жыйналып алынды. Бүгүнкү күндѳ 2024-жылдын түшүмү үчүн 382 га жер аянтына күздүк эгин айдалып себилүүдө.
2023-жылдын жыл жыйынтыгы менен айыл чарба тармагында да бир топ алгылыктуу жумуштар жасалды. Алсак, жеке ишкер тарабынан айыл чарба техникаларынын базасын чыңдоо максатында 15 миллион сомдон ашуун акча каражатына күндүн талабы болгон жаңы инновациялык техникалар алынып келинип, жерлерди которуштуруп айдоого жана жаңы ыкмалар менен дан эгиндерин эгип, жогорку түшүм алууга аракеттер башталды.
Ал эми айыл чарбасына жарактуу фонддун жерлерин жана айыл калкынын үлүштүк жерлерин сугат суу менен камсыз кылууда айыл аймакта «Үч-Алыш» суу пайдалануучулар ассоциациясы (СПА) иш жүргүзүп келет. СПАнын балансында 53 км ички арыктар, 1 кичи эксковатор бар. Ал техника менен 2023-жылдын вегетациялык мезгилинде 1500 км ички арык чабылып, 50 км арыкка канал казуучу (канал копатель) салынып тазаланып, 748 миң 807 сомдук иштер аткарылды. Учурда «Үч-Алыш» СПАсын пилоттук долбоор аркылуу муниципалдык ишканага айландыруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Анткени айыл калкынын үлүштүк жерлерин жана фонддун жерлерин сугат суу менен такай камсыз кылууда мыйзамдуулукту камсыз кылуу иштери жолго коюлуп жатат.
Президент Садыр Жапаровдун резервдик фондунан 100 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, Жаман-Адыр массивиндеги 14 километр эски, талкаланган суу лотоктору жаңыдан реконструкцияланып, курулуш иштери дээрлик аягына чыгып калды.
Бул курулуш айыл аймактын кылым курулушу болуп калды. Анткени бул арык аркылуу аймактагы элдин жер үлүштөрү жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери, коңушу Куршаб, Кароол аймактарындагы 700 гектардан ашуун сугат жерге айланды.
Айыл аймактагы Талаа участкасына облустук ѳнүктүрүү фонду аркылуу жана жергиликтүү бюджеттен ѳздүк салым бѳлүп, 5 миллиондон ашуун акча каражатына 1 чакырым жерге лоток орнотулду.
Айыл эли малдарын асылдандырууга өткөрүп жатышат
Мал чарбасын өнүктүрүү боюнча да бир топ алгылыктуу жумуштар жасалууда. Аймакта жасалма уруктандыруу боюнча адиске жергиликтүү жарандар жасалма уруктандыруу боюнча аппарат алып берип, айыл калкына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айрым фермерлер үчүн ийгиликтүү иштей баштады. Мал санактын жыйынтыгы боюнча өткөн жылга салыштырмалуу пайыздык катышта 105% болду.
- кара малдын саны — 3888 баш;
- майда жандыктар — 9737 баш;
- жылкы — 826 баш;
- үй канаттуулары — 10 146 баш.
Учурда айыл аймагы боюнча 2 ветеринардык сервис (Кызыл-Сеңир, Тогуз Булак) иш алып барууда.
Ветеринария
- жылкы, идентификациядан (чипирование) өткөнү — 1050 баш;
- кара мал, идентификациядан өткөнү — 1250 баш, базада каттоодо турат;
- серолог изилдөөсүнөн (бруцелоз) 568 баш мал өтүп, 13 баш аныкталган жана ветеринардык эреженин негизинде союлуп, акт жазылган;
- шарп оорусуна 3928 баш эмдөөдөн өткөрүлдү;
- эмкарга эмдөө (кара сан), 1388 баш эмдөөдөн өткөрүлдү;
- сибирь жарасына — 3 440 баш: 760 баш жылкы, 4158 баш кара мал эмделди;
- чечек ооруусуна каршы 3 560 баш кой-эчки эмделди.
Дегельминтизация
- 167 баш ит кутурмага каршы эмделип, эхинококкозго каршы 357 баш итке 3 айда бир дары берилет;
- 380 баш ит атылып, 89 миң сом сарпталды. Сибирь жарасынын чордонун залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүп, анализ алынып, Өзгөн ветеринардык лабороториясына жөнөтүлгөн.
Жайыт пайдалануу
Жайыт аянтынын жалпы аянты: 16 миң 762 гектар
- Жакынкы жайыт – 2 миң 357 га;
- Алыскы жайыт: Улак чапчуу, Чытты – 1 миң 278 га,Өгүз өлдү – 2 миң 115 га, Алай-Куу – 10 миң 312 га, Чоң-Жетим – 700 га;
Жылдык кирешеси 412,0 миң сом, аткарылганы – 301 ,0 миң сом 73,0%.
Кеткен чыгымдар:
- эмгек акы — 126,0 миң сом;
- Соцфонд — 42 миң 300 сом.
Жолдордун оңдоосуна 63 миң сом жана башка чыгымдар сарпталды.
Ошондой эле 2023-жылдын жыйынтыгынын алдында жайыт комитети аркылуу 205 миң 424 сомдук кѳчмѳ раскол жасалып, пайдаланууга берилди. Ошону менен бирге жайыт пайдалануучулар менен сүйлѳшүүлѳрдүн негизине мал-жандыкты ар түрдүү ылаңдардан сактоо жана алдын алуу боюнча раскол жана купка салынып, бүтүү алдында турат.
Жайыт комитети менен биргеликте жергиликтүү бюджеттен 527 миң сом акча каражаты бөлүнүп, сырт участкасынын жолдору оңдоодон өттү.
Калкты тейлөө
Калкты тейлөө пункттарынын саны — 21. 3 мунай куюучу станция, 1 ресторан, 3 бассейн, 2 аш демдөөчү, 2 нан жабуучу жай, 2 КДУ, 2 песко блок чыгаруучу ишкана, 3 мончо өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.
Инфраструктура
2023-жылдын 6 айында Кремль—Кочкор-Ата—Кызыл-Сеңир автоунаа жолунун 2 чакырымы республикалык бюджеттен асфальтталып, пайдаланууга берилди. Жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом акча каражаты каралып, 10 км жолго грейдер салынды.
Жол жээктерин кѳрктѳндүрүү максатында жергиликтүү бюджеттен жана жеке демѳѳрчүлѳрдүн колдоосу астында жашылдандыруу жумуштары жүрдү.
Таза суу
2023-жылдын 6 айында аймактагы бардык айылдардын таза суу түтүктөрү заласыздандырылып, аймактын 85%ы таза суу менен камсыз болду. Кемпир-Абад фондунан бөлүнгөн 4,0 млн сомго Алга айылына таза суу системасын куруу боюнча долбоорлор даярдалып, сатып алуу порталына жайгаштырылып, жеңүүчүлѳр аныкталып, жумуштар башталуунун алдында турат. Гузар айылынын таза суу ситемасын жаңылоо максатында жаңы суу түтүгү алынып берилди жана негизги суу түтүгүнѳ улаштыруу алдында турат. Айыл аймактагы жаңы түптѳлүп жаткан кѳчѳлѳргѳ да таза суу түтүктѳрүн тартуу максатында 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинен 1,5 миллион акча каражаты бѳлүп, долбоорлоо иштери жүрүүдѳ.
Инвестиция
2023-жылдын алдын ала жыйынтыгы менен айыл өкмөтүнүн аймагында ички жана тышкы инвестициянын көлөмү болжол менен 350 миллон сомду түздү.
Алар:
- республикалык бюджеттен 107 миллион сом, Алга айылындагы К. Ботобекова атындагы орто мектебинин курулушу;
- республикалык бюджеттен 14 миллион сом, Кызыл-Сеңир—Кочкор-Ата унаа жолунун асфальты;
- президенттин резервдик фондунан 100 миллион сом, Жаман-Адыр массивиндеги суу лотокторунун реконструкциясы жана курулушу;
- республикалык дем берүүчү гранттан 2 миллион 224 миң сом, «Ширин апа» бала бакчасынын оңдоп-түзѳѳ иштери;
- облустук ѳнүктүрүү фондунан 3 миллион 604 миң сом, Талаа участкасына лоток орнотулду;
- райондук ѳнүктүрүү фонду аркылуу 6 миллион сомго Кызыл-Октябрь айылына маданият үйүн куруу;
- райондук ѳнүктүрүү фонду аркылуу 4 миллион сомго Алга айылына таза суу түтүктѳрүн орнотуу жана суу чыгаруу;
- CASA-1000 долбоорунан 75 миң долларга (6 миллион 675 миң сом) Кызыл-Сеңир маданий жаштар борборунун курулушу;
- МЕРСИКО долбоору аркылуу 2 миллион сом ысык тамакка кирген мектептерге инвентарь;
- жеке демѳѳрчү тарабынан 2 миллион 500 миң сом К.Өмүрзаков орто мектебине ашкананын курулушуна;
- жеке демѳѳрчү тарабынан 3 миллион 500 миң сом К.Өмүрзаков орто мектебине спорт залдын курулушуна;
- жеке демѳѳрчү тарабынан 3 миллион сомго Сеңир айылына мечиттин курулушу;
- жеке демѳѳрчүлѳр тарабынан 1 миллион сомго айлдардагы жолдорду сүрүү, шагыл тѳшѳѳ, түнкү жарыктарды орнотуу жана башка иштер;
- жергиликтүү бюджеттен 21 миллион сом, теңдештирүүчү гранттан 17 миллион сом, жалпы бюджеттин чыгаша бѳлүгү.
Жогорудагы тартылган инвестициялар менен бирге эле жеке жарандар менен сүйлѳшүүлѳрдүн негизинде үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу боюнча жыл башында иш мерчем кабыл алынып, жыйынтыгында 2023-жылдын 3-кварталында 2 бала бакча ачылды.
Эл аралык уюмдар, өкмөттүк эмес, донор уюмдар менен кызматташуу
БУУнун Азык-түлүк программасы боюнча Кызыл-Октябрь айыл аймагынан 3 долбоор боюнча иш жүргүзүлүп, 2023-жылдын 6 айында аз камсыз болгон Кочкор-Ата, Кремль жана Кызыл-Октябрь айылдарынан 44 адам азык-түлүк (300 кгдан ун, 30 литрден өсүмдүк майы) менен камсыз болду.
Айыл аймактагы мектептерге келген жаш мугалимдерди колдоо иретинде Осмон Жакыпов атындагы орто мектебинин англис тилчи мугалими Муктарова Айгерим Кылычбековнага 4000 (төрт миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Электр энергиясы менен камсыздоо
Айыл аймакта бюджеттен каржылануучу 7 орто мектеп, 2 башталгыч класс мектеп, 8 мектепке чейинки билим берүү мекемеси, 2 административдик кеңсе, 1 маданият үйү жана көчө жарыктары бар. Алардын 2023-жылдын 6 айында электр энергияга болгон чыгымы 217337квт/саатка 825880 сом сарпталды. 2023-жыл 6 айында бюджеттик мекемелердин пайдаланган электр энергиясы үчүн карызы толугу менен төлөнүп берилди. Ал эми айыл аймактагы айылдардын электр энергиясы боюнча инфраструктурасын жакшыртуу максатында жергиликтүү бюджеттен 1 млн 223 миң сомдук иштер аткарылып, 56 даана электр мамычасы орнотулуп, электр чубалгылары менен камсыз болду. Ошондой эле 3 даана кубаттуулугу 100КВа электр чордону 1 млн 218 миң 600 сомго сатылып алынып, муктаж айылдарга орнотулду.
Өзгөчө кырдаалдар
2023-жылдын 6 айында жергиликтүү бюджеттен 225 сом акча каражаты бөлүнүп берилип, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу иш-чаралары жүргүзүлдү. 2023-жылдын жаз айларындагы катуу жаан-чачындан Ынтымак айылындагы бузулууларга учураган суу лотокторун калыбына келтирүү, сел, суу ташкындарын алдын алууда оор техникалар менен толуп калган сел калдыктарын тазалоо жана туруксуз аба ырайынын кесепеттеринен селден жабыркаган ички жолдорду, ички арыктарды калыбына келтирүү иштери аткарылды. 2023-жылдын кыш мезгилиндеги жааган карлардан ички чарбалык жолдорду тазалоо механикалык күчтөр менен уюштурулду. Алга айылында бир жарандын короо-сарайында өрт кырсыгы катталып, ага 5000 сом өлчөмүндө акчалай жардам берилди жана Беш-Абышка айылында күйүп кеткен турак жайдын ээсине 10 миң сом акча каражаты берилди.
Социалдык коргоо
Айыл аймакта аз камсыз болуп, жөлөк пул алуучу үй-бүлөлөрдүн саны — 80. Президенттин «Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн төмөнкү түрүн төлөө» боюнча жарлыгына ылайык, 380 жөлөк пул алуучу электр энергиянын төмөнкү түрүн төлөө боюнча камсыз болушкан. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүү боюнча программасына ылайык айыл аймактан 30 үй-бүлө тандалып алынып, 2025-жылга чейин социалдык келишим түзүлүп, бизнес пландын негизинде 100 миң сомдон 3 млн акча каражаты берилди.
Андан тышкары 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө, 1-октябрь — Карыялардын күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралып, жардамдар берилип келет. Ошондой эле аймактагы аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө күз-кыш мезгилине карата 25 тонна катуу отун (көмүр) менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлдү.
Ошону менен эле бирге аймактагы бардар жарандар менен сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүүнүн жыйынтыгында жакыр жашаган жарандарды тамак-аш менен камсыздоо иштери да жүрүүдѳ.
Аппараттын материалдык-техникалык базасын чыңдоо
Аппараттын ишин оптималдаштыруу, калкка кызмат көрсөтүүдө сапаттуу тейлөөнү уюштуруу максатында 4 комплект компьютер сатылып алынды жана дагы кошумча интернет тармагын туташтыруу жүргүзүлдү. Ал эми кызматкерлердин айыл калкы менен болгон мамилесин жакшыртуу, тез арада ыкчам байланышуу, маалыматтарды өз убагында жеткирүүнү колго алуу максатында санарип аймак тутумуна киргизилип, учурда бардык иш кагаздары электрондук вариантта жүргүзүлүүдө. Айыл аймактагы 3214 кожолуктун 2638и санарип аймакка кирип, 82,0% ды түзсө, айыл аймактагы 13956 (калктын жалпы саны 17456) адам санарип аймакка кирип, 81,0%ды түздү.
2023-жылы токтоп турган «Кызыл-Октябрь Тазалык» ишканасы ишке кирип, аймактын тазалыгы боюнча иш алгылыктуу жүрүп жатат.
Иш кагаздары менен иштөө (канцелярия)
Бардык иш кагаздар «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин регламенти жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө2 токтомдоруна ылайык жүргүзүлүүдө. «Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы» автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобонун негизинде «Инфодокс» электрондук документ жүргүзүү тутуму аркылуу бардык адистер иш алып барышууда. 2023-жылдын 6 айында Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 5 токтому, 55 тескемеси, 16 протоколдук тапшырмасы, 238 каты келип катталган жана толугу менен аткарууга жана жетекчиликке алынган.
Ал эми 2023-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча, жарандардан жалпы 525 арыз катталып, арыз-даттанууларды аппараттын кызматкерлери карап, тийиштүүлүгүнө карата жогорку инстанцияларга кайрылып, жоопторду арыз ээлерине мыйзамда белгиленген тартипте карап жоопторун берип турушат. Жарандар мыйзамсыз курулуш боюнча тийиштүү текшерүүлѳрдүн негизинде колдоруна мамлекттик актыларын алышты.
Мамлекеттин саясаты болгон камсыздандырууда жыл ичи боюнча план 730 берилсе, бүгүнкү күндѳ 670 учур аткарылып, 91,79% түздү.
Кызыл-Октябрь айыл ѳкмѳтүнүн аппарат кызматкерлери 2025-жылы айыл өкмөттү дотациядан чыгаруунун үстүндѳ иштеп жатат.