Turmush — Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну Жекей (Жээнбүбү) Молдобаева 103 жашта.
Каарманыбыз 1920-жылдын 1-июлунда ушул эле райондун Орток айылында туулган. Υй-бүлөдө эки бир туугандын улуусу. Ата-энесинен эрте ажырап, турмуштун ысык-суугуна эрте бышкан.
Абышкасы Нурманбет Молдобаев менен баш кошуп, беш уул, үч кызды тарбиялап өстүргөн. Бүт өмүрүн «Коммунизм» совхозуна арнаган.
Жекей Молдобаеванын учурда 35 небереси жана 51 чөбөрөсү бар.
«24 жашымда турмушка чыктым. Жалпы 10 баланы төрөдүм, экөө жерде. Кожоюнубуз (күйөөсү) 54 жашында каза болду. Балдарды өзүм үйлүү жайлуу кылдым.
Азыркы заманды илгерки заманга салыштырып эч болбойт. Азыр жыргал заман. Биз көргөндү силер көргөн жоксуңар. 1941-жылы согуш чыгып кетти. Ошол маалда тылда жүрдүк. Күрөк кармап алып Боомдун жолун түздөдүк, жер каздык. Сталин тоонун бооруна тасма койдуруп берчү. Ошого сүйүнүп иштечүбүз. Айдын жарыгы менен буудай тазалап, чөптү араба менен тартып жүрдүк. Чалгы менен чөп чаап, жыгач тырмоо менен шыпырып, айры менен арабага салып беребиз. Эгинди түндө оруп, күндүз машак терип, кырманга алып барып берчүбүз. Абышкам 1 күндө 7 гектар жерди кыска кол орок менен оруп кетчү. Эл таң калчу. Ошону менен Москвага чейин барып, сыйландык. Мурун сугат суу кенен болуп, жер текши иштелчү. Азыр суу тарып калды.
Ошентип согуш бүткөндөн кийин чабан болуп кой бактык. Абышкам 1 күндө 80 койду кайчы менен кыркып кетчү. Аябай эмгекчил эле», - деп эскерди баатыр эне.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...