Turmush — М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде «Бүгүнкү күндөгү Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Улуттук аттестациялык комиссиясы тарабынан окумуштуу даражасын алуу үчүн коюлган талаптар» аталышындагы семинар өттү.
Иш-чара техника илимдеринин доктору, профессор Акматбек Жаманбаевдин 90 жылдык мааракесине арналып уюштурулду. Аталаган семинарды Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин профессору М.М.Исманов өтүп, Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрү, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана окутуучулар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу көйгөйлөрү жана көмүрдү кайра иштетүүнүн заманбап технологиялары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын экинчи бөлүгү секциялык иштерде улантылып, суроо-жооп, талкуулар менен коштолду.
Жыйынтыгында илимий-практикалык конференциянын катышуучулары резолюция кабыл алышты.