Turmush — Аламүдүн районундагы Гроздь айыл өкмөтү Чүй облустук өнүктүрүү фондунан «Заманбап мектеп» аттуу долбоор утуп алып, Гроздь орто мектеби техника жана эмеректер менен камсыздады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектепке 20 компьютер, принтер, проектор, синтезатор, динамикалык система, микрофондор алынган.
Ошондой эле, 120 парта, 10 такта алынган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.