Turmush — Ош технологиялык университетинин «Энактас» командасы 26-27-ноябрда өткөрүлгөн Энактас Кыргызстан улуттук мелдешинин алгачкы этабына катышып, өздөрүнүн инновациялык долбоорлорун алып чыгышты.
Мелдеште «Энактас» командасы бир катар долбоорлорду сунуштады. Алардын арасында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын протез, ошондой эле жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу демилгеси да болду.
Бул сынак студенттер үчүн көйгөйлөрдү чечүү жана лидерлик жөндөмдөрүн өркүндөтүүдө маанилүү кадам болду.
Энактас — бул студенттерди, академиялык эдвайзерлерди жана ишкерлерди бириктирген эл аралык коммерциялык эмес уюм. Энактас сынагы студенттер үчүн коомдогу актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган социалдык ишкердик жана инновациялык долбоорлорун көрсөтүү үчүн аянтча болуп саналат.