Turmush — Кечээ, 29-ноябрда Кара-Суу районунун Савай айыл аймагына караштуу Ынтымак жана Октябрь айылдарында спорт аянтчалар ачылды.
Ынтымак айылындагы спорт аянтчасынын ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү жана тургундар катышты.
Облус жетекчиси айыл тургундарын футбол аянтчасынын ачылышы менен куттуктап, бул спорттук объектилер жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, Кара-Суу районунун тургундарынын активдүү жашоо образын жаратууда, ден соолугун чыңдоодо өбөлгө болорун белгиледи.
Ынтымак айылындагы спорт аянтчасынын имаратынын жалпы аянты 9600 чарчы метрди түзүп, республикалык бюджеттен 35 миллион 515 миң 23 сом бөлүнгөн.
Октябрь айылындагы спорт зал да республикалык бюджеттен каржыланып бүткөрүлдү. Объект №47 Сапарбек Аристанбеков атындагы мектептин аймагында жайгашкан. Сметалык баасы 21 млн сомду түзүп, курулуш иштерин «Аскарбек-Ата» ЖЧКсы жүргүздү.
- Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Аскарбек-Ата» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси — Каленов Муктар Аскарбекович. Компания 2011-жылы 7-февралда каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.