Turmush — Кечээ, 29-ноябрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев венгриялык инвесторлордун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, күн электр станциясын жана кичи ГЭС куруу талкууланды.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында күн электр станциясын жана кичи ГЭСти курууга сунушталып жаткан жер тилкелеринин түрдүү аспектилерин жана сунуш кылынган жер тилкелери деталдуу изилденген соң, тараптар долбоорду даярдоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Элчибек Жантаевдин айтымында, Ош облусу электр энергиясын өндүрүү тармагына кызыккан инвесторлор үчүн кеңири перспективаларды ачып берип, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн керектүү документтерди даярдоо процессине тоскоолдуксуз ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт.
Бул кызматташуу салттуу энергия булактарынан көз карандылыкты азайтууга жардам берип, аймактагы энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүдө маанилүү этап болот.