Turmush — Эртең Бишкектин борборундагы Beeline Кыргызстандын башкы кеңсесинде өрт коопсуздугу боюнча тренинг өтөт. Өзгөчө кырдаалды чагылдыруу кеңири жана реалдуу болот. Компания жарандарды сабырдуу болууга жана машыгууну олуттуу кабыл албоого чакырат.
Машыгуу иш-чараларынын негизги бөлүгү 30-ноябрда саат 16:00дөн 17:00гө чейин өтөт. Өтүүчү жери: Beeline борбордук кеңсеси, жайгашкан дареги: Ибраимов көч. 115/1 (Гоголь көчөсү тараптан кирүү).
Көрсөтүлгөн убакытта имараттан кызматкерлерди эвакуациялоо боюнча практикалык окуулар өтөт. Өрткө каршы кызматтын, тез жардамдын, ӨКМдин куткаруучуларынын унаалары келет. Бул аймактагы көчө жабылышы мүмкүн. Машыгуу программасында кызматкерди бийик кабаттан түшүрүү, жабырлануучуга биринчи жардам көрсөтүү, өрт өчүргүчтөрдүн жардамы менен өрт чыккан жерди жок кылуу сыяктуу ар кандай иш-чаралар пландаштырылган.
«Турак жай секторунда ноябрдан мартка чейинки мезгилде өрт коркунучу көп болгондуктан, өзгөчө кырдаалдарга туура жооп бере билүү өтө маанилүү. Жыл сайын кыш келээрдин алдында Beeline Кыргызстан "Коопсуздук жумалыгын" өткөрүп, кызматкерлерге өмүрдү сактап калуунун маанилүү ыкмаларын үйрөтөт. Биздин окууларыбызга түшүнүү менен мамиле кылууну жана дүрбөлөңгө түшпөөнү суранабыз», - деп түшүндүрдү Beeline Кыргызстандын башкы директору Андрей Пятахин.