Turmush — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда эки кичи футбол аянтчасы ачылды. Эки аянтча Ленин жана Дөдөмөл айылдарында курулду.
Ачылыш аземге район акими Манас Мураталиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Ленин айылындагы Иманберди уулу Иса атындагы №4 жалпы билим берүү орто мектебинде кичи футбол аянтча пайдаланууга берилди. Анын курулуш иши ушул жылдын июнь айында башталып, жергиликтүү бюджеттен 257 миң сом каралган. Ал эми жаштардын демөөрчүлүгү менен 190 миң сом чогултулуп, дем берүүчү гранттын эсебинен 2 млн 670 миң сом бөлдү.
Дөдөмөл айылындагы Азамат уулу Калдыбай атындагы №10 жалпы берүү орто мектебинин кичи футболдук аянтчасынын жалпы наркы 3 млн сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттен 406 миң сом бөлүнүп, калган каражатты демөөрчүлөр каржылады.
- Район аймагында 14 мектеп, 14 бала бакча жана 1 кесиптик лицей бар.