Turmush — Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө оорукананын жетекчилери менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка караганда, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору Атабек Жумалиев, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын директору Жыргалбек Толоров, Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Конушбек Сакмаматовду кабыл алды.
Жолугушууда кыш мезгилинин алдында калктын саламаттыгын сактоо маселелери, ошондой эле сасык тумоо жана башка оорулар күчөгөн мезгилде дары-дармек жана жетиштүү кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу талкууланды.
Элчибек Жантаевдин айтымында, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн шарттарды түзүп, калкты керектүү дары-дармектер менен камсыз кылып, аларды кабыл алууда эч кандай тоскоолдуктар жана кыйынчылыктар болбошу керек.
«Талкуунун маанилүү бөлүгү болуп кышкы мезгилге даярдыктын жыйынтыктары, анын ичинде медициналык мекемелерди керектүү жабдыктар менен камсыз кылуу гана эмес, суук айларда оорулардын көбөйүшүнө тез жана натыйжалуу чара көрүү системасын уюштуруу маселеси да болду», - деп айтылат маалыматта.
Облус башчысы жарандардын саламаттыгына жардам көрсөтүү жана кам көрүү президенттин саясатынын эң маанилүү аспектиси экенин белгиледи.