Turmush — Бүгүн, 28-ноябрда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин юридика-бажы факультетинде «Абсамат Масалиевдин укуктук мамлекетти куруудагы ролу жана орду» аталышындагы аймактык илимий-практикалык конференция өттү.
Кыргыз Республикасынын баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдык маарекесине карата иш-чаралардын алкагында уюштурулган конференцияга президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, белгилүү илимпоздор, коомдук ишмерлер, ЖОЖдордун окутуучулары, аспиранттар жана магистранттар катышты.
Конференцияны КӨЭАУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Абсамат Масалиевдин өмүр жолуна кыскача токтолду.
Ал эми конференциянын уюштуруучусу, КӨЭАУнун илимий иштер боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор Медербек Исманов конференцияны уюштуруунун негизги максаты кыргыз коомуна тарыхый из калтырган улуу инсандын жасаган иштерин жаштар арасында даңазалап, анын ысымы унутта калып кетишине жол бербөө экенин баса белгиледи.
Андан соң расмий чакырылган конокторго сөз берилип, илимий конференциянын ишин пленардык жыйындын баяндамачылары улантты.
Пленардык жыйында юридика-бажы факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Алмагүл Көкөева, Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун директору т.и.к.,доцент, Асан Бердиев, Ош шаардык мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы Максат Орозалиев Максат Абсамат Масалиевдин Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы коомдук ишмердиги, анын мамлекеттин башкаруу саясатын жүзөгө ашыруудагы ѳзгѳчѳлүктѳрү, юридикалык милдеттерин таза аткара алган үлгүлүү мамлекеттик ишмер экендигин даңазалаган баяндамаларды жасашты.
Конференция суроо-жооп, талкуулар менен коштолуп, жыйынтыгында илимий-практикалык конференциянын катышуучулары резолюция кабыл алышты.