Turmush — Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Пригородный айыл аймагына караштуу Пригородный айылында 7 көчөгө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасына айыл өкмөт башчысы Бакыт Шеримбеков билдирди.
Анын айтымында, оңдоо иштери үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүндү. Аталган көчөлөргө буга чейин асфальт төшөлгөн эмес.
«Баарынын жалпы узундугу 5 чакырымды түзөт. Алар: Манас, Горький, Достук, Артезиянская, Борбордук достук, Серегина, Широкая, Сибирская.
Муну менен катар Чоӊ Чүй каналынан суу алынып келинген кичи лотоктор орнотулуп, тегерек-четин тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул дыйкандарга шарт түзүп, айдоо аянттарына суу жеткирүү иш аракеттеринин бири», - деди айыл өкмөт башчысы.