Turmush — Баткен районунун Кара-Бак айылынын 49 жаштагы тургуну Абдрахман Абдикаров 2 жылдан бери жумуртка багытындагы тоокторду багып келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, быйыл 1000 тоогун 5000ге көбөйтүп, күнүнө 5000 жумуртка алууда. Буга чейин тоокторду айыл ичинде бакса, азыр айыл четинде, элден алыс аймакка тоок фермасын ачкан. Тоокторду 12 жумушчу карайт. Өндүргөн жумурткаларын кардарлар Баткен облусунун бардык аймактарынан келип алып кетишет.
«2 жылдан бери жумуртка багытында тоок багып келем. Бул жердегилерди ушул жылы март айында алып келгем. 90 күндүк болгондо алабыз негизи. Ал келгенден кийин 20 күндө андан ашып анан жумурткага киришет. Ал эми сентябрь айында алып келген тооктордун 80-90%ы жумуртка берип калышты.
Азыр 5000 тоок бар. Күнүнө 5000дей жумуртка алабыз. Жемди атайын келишим менен фирмалардан алабыз. Анда ооруларга каршы азыктар менен камсыздалат.
Бул жерде келинчегим, бир туугандарым, балдарым, келиндерим менен 12 жумушчу иштейбиз. Иш эртең менен 05:00дө башталат. Жарык берип, эртең мененки суусу, жеми берилип, анан түштөн өтүп, саат 17:00гө жумуртка жыйнайбыз. Дайымкы жумуртка терген кишилер гана киришет. Болбосо тооктор деле стресс болушат. Эгер тоокто стресс болсо, жумуртканын пайызы азаят. Ошого алар көнгөн кишилер жыйнап, тазалап, жем-суу беришет. Сырттан кирген бөтөн адамдардан оорулар жугушу мүмкүн. Ошого жат адамдарды киргизбегенге аракет кылабыз», - деди ал.
«Бул бизнесимди өнүктүрүү үчүн долбоорго катыштым. Бейөкмөт уюмдар тарабынан грант алып, азыр айыл четине ферма ачтым. Бул жакта эч кимге зыян тийгизбейбиз. Ар күнү жыйнаган жумуртканы атайын идиштерге тизебиз. Туруктуу кардарлар бар. Кадамжайдан наабайканадан келип алып кетишет. Андан сырткары Баткен шаарындагы «Дыйкан» базарында кардарлар бар. Дүң баада 1 даанасын 10 сомдон, лотогун 300 сомдон тапшырабыз», - деди фермер.
Абдрахман Абдикаров Тажикстан менен чектеш аймакта жашагандыктан, өткөн жылдагы чек ара чырында үйү өрттөнгөн. Андагы жабыр тарткан 60 үй-бүлөнүн катарында. Учурда 4 баланын атасы.