Turmush — Ош технологиялык университетинде дебат турнири өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Иш-чара Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин жана «Орхус» маалымат борборунун биргелешкен иш планынын негизинде уюштурулуп, ага Ош шаарындагы төрт жогорку окуу жайдын студенттери катышты.
Иш-чара жаштардын потенциалын, билим деңгээлин жогорулатуу жана аларды ар тараптан өнүктүрүү максатында уюштурулду. Жаштардын жөндөмүн арттырган бул маанилүү иш-чарага Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Ж.Жусупбеков, ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Ж.Мамытов, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү жана студенттер катышыты.
ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Ж.Мамытов дебаттын катышуучуларына ийгилик каалап, жаштарды креативдүүлүккө жана жаратмандыкка умтулууга чакырды.
Жыйынтык:
- 1-орун — ОшМУнун «Биосфера» командасы;
- 2-орун — ОшМПУнун «Табият» командасы;
- 3-орун — Ю.А.Гагарин мектеп-гимназиясынын «Eco tame» командасы.
Жеңүүчү командалар ардак грамоталар, акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.