Turmush — Ош технологиялык университетинде Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин «Он экинчи күн» аттуу комедиясы коюлуп, окуу жайдын кызматкерлери жана студенттери катышты.
Аталган спектаклды Т.Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын актёрлору аткарышты. Иш-чара мамлекеттик тилдин 34 жылдыгына карата арналып, келечек жаштарга кыргыз тилдин баалуулугун жана нарктуулугун дагы да бир жолу даңазалоо менен көрсөтүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын мамлекеттик тил боюнча проректору п.и.д.,профессор А.З.Зулпуев сөз сүйлөп, музыкалык-драма театрынын актёрлоруна ыраазычылык билдирүү менен ийгилик каалады.
Мындай саамалыктар президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан «Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы» үч айлыгынын алкагында өткөрүлүп жатат.