Turmush — Кыргыз Республикасынын эл артисти, ЖКнын мурунку депутаты, Кыргызстандын каратэ курама командасынын машыктыруучусу Эсен Исмаилов Кочкордо кызыктуу оюн көргөздү, деп билдирди аймактык кабарчы.
Ал Чолпон айылында өткөрүлгөн иш-чарада 1000 сомдук купюраны кыры менен кадимки карандашты ортосунан бөлө чапты.
Алгач Эсен Исмаилов карандаштын эки учунан көрүүчүлөрдүн бирин чакырып карматты. Андан соң миң сомду алаканына коюп, бир аздан кийин анын кыры менен карандашты экиге бөлдү.
Эсен Исмаилов каратэ боюнча 6 кара курдун ээси, «Манас-1000», «Даңк» медалдары менен сыйланган.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.