Turmush — Жалал-Абад облусунда жыл сайын көз оорулары күч алып, «жашарып» жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнүн башкы дарыгери Айпери Кочерова билдирди.
Анын айтымында, бөлүмдө быйыл 9 айда 600гө чукул операция жасалды.
«Менин баамымда, акыркы жылдары жарандар арасында көз ооруларына кабылгандардын саны өстү. Негизинен көп катталып жаткан оору болуп кант диабетинин өтүшүп кетиши менен көздүн артына кан уюп калуу саналат. Тактап айтканда, диабеттик ретинопатия жана глаукома оорусу күч алды. Мурда бул оору менен 50 жаштан жогору болгондор ооруса, учурда илдет жашарып кетти. Муну менен катар эле катаракта менен көп келишет. Илдетти изилдөөдө заманбап жабдуулардын зарылдыгы күч. Бул жаатта бир катар эл арадык уюмдар менен бирге иштетип, бизге зарыл болгон жабдууларды сатып алып жатабыз», - деди ал.
-
Диабеттик ретинопатия — көрүүнүн үзгүлтүксүз жана билинбей начарлашы.
-
Глаукома — көздүн ички басымынын жогорулашы жана көрүүнүн начарлашы менен мүнөздөлгөн оору.
30 орундуу бөлүмдө 4 дарыгер, 8 медайым жана 3 кенже кызматкер бар. Алардын көмөгү менен быйыл 600гө чукул операция ийгиликтүү жасалды.
Ал эми акыркы жылдары дубанда көз ооруларынын алдын алууда бир катар чаралар көрүлүп, район-шаарлардагы ооруканалардын техникалык базаларын чыңдоо аракети көрүлүп жатканын Улуттук кызыл ай коомунун Жалал-Абад облусундагы кызматкери Каныбек Кудайбердиев билдирди.
«2018-жылдан бери дубанда көз ооруларынын алдын алууга багытталган долбоор иштеп жатат. Анда Аксы, Ала-Бука, Тогуз-Торо райондоруна жана Кара-Көл, Жалал-Абад шаарларына диагностикалык акыркы үлгүдөгү аппараттарды сатып алып бердик. Анын жардамы менен көз ооруларынын диагнозун бат коюп, алдын ала дарылоого шарт түзүлдү. Андан сырткары Жалал-Абад облустук ооруканасынын көз оорулар бөлүмүндө иштеген эки хирургду Непал өлкөсүнө барып, көздүн катарактасына жасалчу операцияны үйрөнүп, окуп келүүсүнө шарт түзүп бердик.
Долбоордун алкагында дубанда 200дөй ыктыярчы бар, алар диагностикалык аппараттар коюлбаган район-шаарларда иш алып барып, коомчулукка көз оорулары тууралуу түшүнүктөрдү берип, иш алып барышат. Тактап айтканда, ыктыярчылар мектептерде балдардын көзүнүн саламаттыгын адистердин көмөгү менен текшерүүгө алып, көз айнек тагууга зарыл болгон балдарды жана аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдү да текшерүүгө алат. Көз айнек тагууга муктаж болгондордун тизмесин берип, биз аларга акысыз көз айнек жасатып беребиз. Быйылкы жылы 9 айга карата 2 этап менен көз айнек тараттык. Алсак, биринчи этапта 540 көз айнек таратылса, экинчи этапта 160 көз айнек таратууга жетиштик. Аны менен катар 20дай кишинин көзүнө акысыз операция жасалды», - деди долбоордун координатору Кудайбердиев.
Көз ооруларынын алдын алууга багытталган долбоор иштеп жаткан 2018-жылдан бери облуста 250дөй кишинин көзүнө операция жасалып, 1200дөй аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, көп балалууларга жана мектеп окуучуларына көз айнектер таратылды.