Turmush — Кечээ, 20-ноябрда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде факультет, колледжде окуган жалпы студенттер арасында спартакиада башталды.
Спорттук иш-чараны университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, спартакиаданын катышуучуларын куттуктап, студенттерди биримдикке, ынтымакка чакырды.
«Окуу жайда спорт — ден соолуктун соолубас булагы катары бааланып, жыл сайын 1-курстардын, жалпы факультет, колледждеринде билим алган студенттер арасында, профессордук-окутуучулар жамаатынын ортосунда көп жылдардан бери спорттун ар кандай түрлөрү боюнча салтка айланган иш-чаралар өткөрүлүп келет. Аталган спорттук таймаштар университеттин жетекчилигинин жана профсоюз уюмунун колдоосу менен окуу жайдын алдындагы «Достук» спорт клубу, дене тарбия мугалимдери тарабынан уюштурулуп турат», - деп айтылат университеттин маалыматында.
20-ноябрдан 25-ноябрга чейин өткөрүлүүчү мелдеште катышуучулар спорттун 8 түрүнөн күч сынашат. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылат. Мыкты деп табылган спортчулар үниверситеттин курама командаларына кошулат.