Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Талас облусу 21.04.2014 18:31

Талас облусуна бүгүнкү күндө 158 дарыгер жетишпейт

Turmush -  Талас облусуна бүгүнкү күндө калктын ден соолугуна кам көрүүдө 158 дарыгер жетишпейт. Бир эле дарыгер саламаттыкты сактоо тармагынын нормативинен 2 эсе көп калкты тейлеп келүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Талас облусундагы координатору Аттокур Шадиев билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк медициналык борборго 22 дарыгер зарыл болсо, азыркы күндө тогуз гана дарыгер эмгектенип, көпчүлүк дарыгерлер пенсия жашында жана пенсияга чыгуу алдында болсо да иштеп келишет.

«Алсак, Талас шаарындагы медициналык кызмат көрсөтүү мекемелерине 51 дарыгер жетишпейт. Алардын арасынан кайсыл адистиктер деген суроо жаралуучу болсо, эң көбү үй-бүлөөлүк дарыгерлер, реаниматолог, хирург, кардиолог, стоматолог жана башка 38 медициналык адистик боюнча дарыгерлер жетишпейт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×