Turmush — Жумалиев Атабек Каныбекович Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын башчысы болуп дайындалды.
Turmush басылмасына маалым болгондой, жаңы жетекчи бүгүн, 13-ноябрда жамаатка тааныштырылды.
- Атабек Жумалиев 1982-жылы 4-августта Жалал-Абад облусунда туулган. Ал аталган оорукананын башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасын буга чейин Талант Арстанкулов жетектеп жаткан. Алдын ала маалымат боюнча, ал жакынкы күндөрү башка облуска ротацияланат.
Жаңы жетекчинин резюмесин окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Уникальные видеоистории о жителях регионов Кыргызстана в Инстаграме
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.