Turmush — Толоров Жыргалбек Жолдубаевич Ош облустар аралык балдар ооруканасынын башчысы болуп дайындалды.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка 2923-жылдын 14-сентябрында кол коюлган. Ал буга чейин Кара-Кулжа райондук ооруканасынын башчысы болуп иштеп жаткан.
- Жыргалбек Толоров 1983-жылы 21-сентябрда туулган.
Буга чейин Ош облустар аралык балдар ооруканасын Равшан Маметов жетектеп келген. Ал иштөө мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызматтан кетти.
Ал эми Кара-Кулжа райондук ооруканасынын башчысы болуп Кайрат Алыкулов дайындалды. Ал буга чейин аталган ооруканада орун басар болуп эмгектенип келген.
Резюмесин жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Новости на кыргызском языке в сети Х — подпишись!
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.