Turmush — Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады жана Папан айыл өкмөттөрүнө жаңы башчылар келди.
Нурзаман Алимбеков Мады айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Ал эми Тагдыр Токтосунов Папан айыл өкмөтүнүн башчысы болду.
Нурзаман Алимбеков буга чейин Папан айыл өкмөтүн жетектеп келген. Тагдыр Токтосунов буга чейин Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы болуп иштеген.
- Нурзаман Алимбеков — Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбековдун (№8 Төлөйкөн шайлоо округу, «Мекенчил» депутаттык тобу) бир тууганы.
Айрым маалыматтар боюнча, райондо 23-октябрдан тарта кадрдык өзгөрүүлөр башталган.
Айыл өкмөт башчыларды райондук мамлекеттик администрациянын башчысы — аким кызматка дайындап, кызматтан бошотот.
Кара-Суу району Кыргызстандагы калк эң жыш жайгашкан аймак болуп эсептелинет. Учурда райондо 456 932 адам жашайт.
Буга чейин кайсы айыл өкмөттөрдүн башчылары алмашты?
- Балтабаев Айбек Зундуевич Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалган. Буга чейинки башчы Турдукулов Хаятила Мырзахматович ээлеген кызматынан өз арызынын негизинде бошотулган.
- Алмаз Адыбаев Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалган. Ал бир нече күн мурун эле Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалган болчу. Сарай айыл өкмөтүнүн буга чейинки башчысы Амир Жунусов кызматтан кеткен.
- Жээнмуратов Алтынбек Абдыкеримович Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалган. Мурдагы айыл өкмөт башчы Кушбак Ураимович Абдрахманов кызматтан кетти.
- Нурбек Раимов Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы болду. Мурдагы айыл өкмөт башчысы Талант Исаев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.
Резюмелерди окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...