Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусу 21.04.2014 12:02

Жалал-Абад ОИИБнин медкызматкерлери тарабынан өткөн жылы 2222 адамдын ден соолу акысыз текшерилген

Turmush -  Өткөн жыл ичинде Жалал-Абад областынын ички иштер башкармалыгынын медицина кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Сузак районунун алыскы тоолуу айылдарда жашаган 2222 адамды ден соолугун акысыз текшерүүдөн өткөрүшүп, дары-дармектер менен бекер камсыз кылышкан.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдиргендей, ал үчүн башкармалыктын медицина кызматкерлери атайын автоунаа даярдашып, УЗИ аппараты, ЭКГ жана кичи лаборатория даярдап, ошондой эле керектүү дары-дармектерди алып барышкан.

Бул иш Жалал-Абад ОИИБнин демилгеси менен «Мекеним менин – Кыргызстан!» аталыштагы чоң профилактикалык иш-чаранын алкагында уюштурулган. Анын негизги максаты - облустун аймагындагы алыскы жана тоолуу жерлерде жашаган элге медициналык акысыз жардамдарды берүү, аларды дары-дармектер менен акысыз камсыз кылуу, ошондой эле укук тартибин сактоо боюнча алдын ала профилактикалык иштерди жүргүзүү болуп эсептелинет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×