Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарындагы А.Тойтоев атындагы маданият үйүндө «Ырдайлы кыргыз ырларын» аттуу маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кант шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара мамлекеттик тил күнүнүн алкагында жарыяланган үч айлыкты жыйынтыктоо максатында өттү.
Сынакта райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы—акимдин орун басары Нурбек Сагынбаев, Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев, КРдин эл артисти Юрий Бобков, райондук маданият бөлүмүнүн жетекчиси Клара Нарынбаева калыстык кылышты.
Көп улуттуу калк жашаган Ысык-Ата районунун ар тармагында окуп, эмгектенген башка улуттун өкүлдөрү кыргыз тилинде обон созуп, өнөрлөрүн тартуулашты. Анда 1-орунду Валерий Пащенко «Эламан» ыры менен багындырса, 2-орунга Татьяна Обухова «Энекем» аттуу чыгармасы менен, 3-орунга Лакшйа Пмар «Жолуккан кандай жакшы» ыры менен ээ болушту.
Катышуучуларга грамоталар, Кант шаардык мэриясы тарабынан белектер тапшырылды.
Иш-чаранын максаты — башка улуттар арасында кыргыз тилинин баалуулугун арттыруу жана улут аралык ынтымакты бекемдөө.