Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 19.04.2014 12:32

Ноокендин Бүргөндү айылынын тургундары ичүүчү сууну Майлуу-Суу дарыясынан колдонушкандыктан, ич-келте оорусуна душаар болушууда

Turmush -  Ноокен районундагы Бүргөндү айылынын тургундары учурда ичүүчү сууну Майлуу-Суу дарыясынан колдонуп келишкендиктен, ич-келте оорусуна душаар болушууда. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаев билдирди.

Анын айтуусунда, Майлуу-Суу дарыясынын нугунда пайда болгон ич-келте оорусунун вирустары туруктуу сакталууда. Ошондуктан, «Бүргөндү» долбоорун ишке ашыруу эң актуалдуу маселе болуп эсептелинет.

«Бүгүнкү күндө Азия өнүктүрүү банкынын колдоосундагы Жалал-Абад шаарын жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айлын ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо долбоору иштелип чыгып, курулуш иштеринин башталышы күтүлүүдө», - дейт А.Исаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×