Turmush — Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде бүтүрүүчү курстун студенттери үчүн «Эмгек базарындагы ийгилик» темасында тренинг өткөрүлдү.
Аталган тренинг Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин алдындагы мониторинг жана карьераны өнүктүрүү бөлүмү тарабынан уюштурулду. Мында тренерлер жаш адистерге эмгек жолу ар бир адамдын жашоочусунда чоң орунга ээ экенин, азыркы мезгил өзгөрүүлөрдүн убактысы экенин белгилешти. Алар мурда кесипти бир жолу гана тандап, өмүр бою ошол кесип менен жашап келсек, азыр заман талабына жараша кесипти жөндөмгө жараша алмаштырганга толук мүмкүнчүлүктөр бар экенине токтолушту.
«Мындан сырткары ар бир мүнөт сайын жаңы ойлор, жаңы кесиптер пайда болуп жатканы айтылып, андыктан өз көңүлүн бир нерседен башка нерсеге тез бура алган киши заманбап дүйнөдө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ болоруна токтолуп, ал артыкчылыктарды аныктап чыгуу зарылдыгы айтышты. Кесип боюнча жаштарга кенен маалымат беришти. Соңунда Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин директору Акмарал Тентимишова келген конокторго ыраазычылыгын билдирди», - деп айтылат маалыматта.