Turmush — Жолой Тиллаев Ош облусунун Ноокат шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 1-ноябрда кол коюлду.
Райондук мамлекеттик администрациядан Turmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, жаңы мэр жамаатка тааныштырылды.
- Жолой Тиллаев 1983-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Бел айыл аймагында туулган. Ал буга чейин Ноокат шаарынын вице-мэри болуп иштеп жаткан. Бул кызматка 2022-жылдын 16-февралында дайындалган.
---------------------------------------------
Буга чейин Turmush Ноокат шаарынын мэри Тезекбаев Таалайбек Жолчуевич кызматтан кеткенин жазган.
Ноокат районунун акими Данир Иманалиев тастыктаган маалымат боюнча, Таалайбек Тезекбаев 26-октябрда кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазган. Аны кызматтан бошотуу тууралуу буйрукка кол коюлган.
-
Таалайбек Тезекбаев 2023-жылдын 12-майында Ноокат шаарынын мэри болуп дайындалган дайындалган. Буга чейин Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы болуп да иштеген.
Кийинчерээк Ноокат шаардык мэриясынын аппарат башчысы Чынара Ырысбаева мэрдин үстүнөн прокуратурага арыз жазганы маалым болгон.
Прокуратурадан учурда иликтөө иштери жүрүп жаткандыктан толук маалымат берилбей турганын билдиришкен.
Чынара Ырысбаева 1 жыл соттошуп, өз ордуна келген менен ага функционалдык кызматтарын аткарууга тоскоолдук жаратылганы үчүн арыз жазганын айткан.
Ал эми Ноокат шаарынын вице-мэри Жолой Тиллаев Чынара Ырысбаевага кадимкидей айлык акы төлөнүп жатканын билдирген.
Резюмесин окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...