Turmush — Ош технологиялык университетинде автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара болуп өттү.
Бул салтанат гуманитардык-технологиялык колледжинин автоунаа кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага Ош шаары боюнча автомектептердин ассоциациясынын, Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинин, Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн, Ош ОИИБдин өкүлдөрү, бүтүрүүчүлөр, окутуучулар жана студенттер катышты.
Салтанаттуу иш-чаранын ачылышында университеттин окуу иштери боюнча проректору У.Ж.Мамытов кесип ээлерин куттуктап, ыраазычылык билдирди. Гуманитардык-технологиялык колледжинин директору Төлөнбай Саадалов сөз сүйлөп, бул кесип бүгүнкү күндө эң керектүү, келечектүү кесип экендигин белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө биздин университетти бүтүрүп, өз кесиби менен ийгиликтүү эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөр, студенттерге бүгүнкү күндөгү өлкөнүн социалдык-экономикалык абалында бул багытты тандаган адистердин негизги ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалыматтарды беришти. Студенттер өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышып, келечекте өз кесибинин мыкты ээси болууга максат коюп жатканын белгилешти.
Бүтүрүүчүлөргө университет менен тыгыз байланышып, кадр даярдоодо көмөк көрсөтүп келе жаткандыктары үчүн ыраазылык билдирилди. Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайдын таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа тартууланды.