Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 18.04.2014 16:07

Кызыл-Кыяда кесиптик техникалык лицейде спорттун бир нече түрү боюнча облустук спартакиада башталды (фото)

Turmush -  Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында кесиптик техникалык лицейинде бүгүн, 18-апрель күнү спорттун футбол, волейбол, теннис, жеңил атлетика жана ордо оюндары боюнча спартакиада башталды.

Мелдештин башкы судьясы Бакир Матаев билдиргендей, кесиптик лицейлер арасында өтүп жаткан 61-спартакиадага Марказ, Кызыл-Кыя, Кан шаарынан курама командалар катышты.

Спортчуларды тосуп алуу үчүн Кызыл-Кыя шаарынын мэри Абиш Халмурзаев шаардык кеңештин депутаты Жаныбек Ажигулов дене-тарбия жана спорт бөлүмүнөн ошондой эле спортчулар катышты.

Анда келгендер спортчуларга ийгиликтерди каалашты. Алгач эле таэквондо спортчулары мелдешти ачып андан соң, желек көтөрүлүп, гимн ырдалып, спорттук мелдеш башталды.

18 04 2014_KK спорт 1

18 04 2014_KK спорт 2

18 04 2014_KK спорт 3

18 04 2014_KK спорт 4

18 04 2014_KK спорт 5

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×