Turmush — Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан «Кыргыз тили жана Ч.Айтматовдун ааламы» аттуу мамлекеттик тилдин үч айлыктын алкагында Ош технологиялык университетинде китепкана жамааты адабий кече уюштурду.
Бул иш-чарага ОшТУнун жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты. Студенттер залкар жазуучунун учкул сөздөрүн жана чыгармаларынан кыскача көрүнүштөрдү жогорку деңгээлде аткарышты.
Үч айлыктын алкагында Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата студенттер арасында «Кыргыз тилин сактай билген, жаңы доордун муунубуз» деген темада дилбаян жана «Адам өмүрүндөгү эң кымбат байлык — эне тили» аттуу темад эссе жазуу сынагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталып, диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
Дилбаян сынагы боюнча:
- 1-орунду ГСПМ-1-21 тайпасынын студенти Аскатбек Абдувалиев;
- 2-орунду СР-1-22 тайпасынын студенти Ханзада Орозбекова;
- 3-орунду Өзгөн Эл аралык технологиялық жана билим берүү институтунун студенти Сезимгүл Жаныбек кызы алды.
Эссе сынагы боюнча:
- 1-орунду Өзгөн Эл аралык технологиялық жана билим берүү институтунун студенти Фатима Бекмаматова;
- 2-орунду КСК-1-23(9) тайпасы Акбермет Абылкасымова алды.