Turmush — Ош технологиялык университетинде кыргыз тилин өнүктүрүү максатында информатика, программалоо жана байланыш кафедрасы тарабынан «IT тармагында кыргыз тилинин колдонулушу» аттуу кече өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Ulut Soft академиясынын директору Мирбек Окенов, PROlab программалоо академиясынын директору Рахматтулло Алимов, окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жана IT тармагында билим алып жаткан студенттер катышты.
Иш-чарада университтеги кыргыз тилинин өнүгүшү тууралуу маалыматтар берилди. Кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү абалы, аны бардык мекеме-ишканаларда колдонуу, жаштарды өз эне тилин билүүгө жана чоң урмат-сый менен мамиле жасоого тарбиялоо сыяктуу маселелерде көптөгөн сунуш, пикирлер айтылды. Кече таланттуу студенттер тарабынан даярдалган мамлекеттик тилди даңазалаган сахналык көрүнүш менен башталып, көркөм окуу, обондуу ырлар менен коштолду.
Учурда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия «Улут Софт» компаниясы менен биргеликте кыргыз тилиндеги маалыматты иштеп чыгуу үчүн жасалма интеллект окутула турган долбоорду иштеп чыгууда.
Окуу жайда мамлекеттик тилдин 34 жылдыгына карата жарыяланган бир айлыктын алкагында бир топ иш-чаралар өткөрүлүүдө.