Turmush — Улуттук телерадиоберүү корпорациясына караштуу Ысык-Көл телерадиокомпаниясына жаңы жетекчи келди.
Буга чейинки директор Гүлнур Баякунова ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Алтынбек Бектуров дайындалды.
Жетекчини эмгек жамаатка УТРКнын облустардагы телеканалдарынын координатору Айбек Мусаев тааныштырды.
Бектуров Алтынбек Камчыбекович 1982-жылы 6-сентябрда туулган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.
Ал буга чейин бир катар ЖМКларда эмгектенген. Акыркы жылдары «Регион» телеканалынын түндүк аймагы боюнча жетекчиси, «5-каналдын» директору болгон.
Алтынбек Бектуров өмүр баянын окуу үчүн жана башка жабык материалдарга толук мүмкүнчүлүк алуу үчүн Turmush басылмасына катталыңыз.