Turmush — Алай аймактык ооруканасынын жетекчиси болуп Дайыр Адыров иштей баштады, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, Саламаттыкты сактоо министринин 18-октябрындагы буйругунун негизинде Дайыр Адыров Алай аймактык ооруканасынын башчысы болуп дайындалган.
Адыров Дайыр Токсонбаевич 1990-жылы 8-сентябрда Алай районунун Гүлчө айыл аймагында туулган. ОшМУнун медицина факультетинен билим алган.
Буга чейин адамдардын тобу аталган оорукананын мурунку жетекчиси Талант Белекбаевди кайра кызматына коюп берүү талабы менен кайрылууларды социалдык тармактарга жарыялашкан.
Талант Белекбаевдин жубайы Майгул Эрмаматова тарапташтары делген жарандар операция жасатууга келген жарандардын жакындары болгонун айтты.
«Менин жолдошума бул кабар күтүүсүз болду. Кандай негизде иштен алынганы дагы белгисиз. Ооруп жатканына байланыштуу азыр дарыланып жатат. Жакында Саламаттыкты сактоо министрине жолугуп, эмненин негизинде иштен алынганы боюнча кайрылып келет. Тарапташтары деген тасма боюнча айтсам, ошол күнү жолдошумдун 5 операциясы бар эле. Ал абалы начар болуп жатканына байланыштуу ошол күнү боло турган операцияларды жасабай турганын айткан. Ошонун негизинде бейтаптардын жакындары кайрылууларды жолдошуптур. Аны деле биз билген эмеспиз», - дейт ал.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору Шаятбек Абдурахмановдун айтымында, бүгүн, 25-октябрь күнү Саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси менен биргеликте барып, жалпы жааматка жолугуп келгенин айтты.
«Бүгүн жерине барып, абал менен таанышып келдим. Дайыр Адыров өз ишин алып барууда», - деди Ш.Абдурахманов.
Дайыр Адыровдун өмүр баянын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...