Turmush — Ош технологиялык университетинде ректор Жанболот Турсунбаевдин кубогуна арналган мелдеш старт алды.
ОшТУнун 60 жылдык маарекесине карата түштүк аймактык жогорку окуу жайлардын ОшМУ, ОшМПУ, ОшКӨЭАУ, ЭАУ, ЖАМУ, БатМУ жана ОшТУнун профессордук-окутуучулар арасында спорттун волейбол оюну боюнча мелдеш өтүп жатат.
Спорттук мелдештин салтанаттуу ачылышында окуу жайдын ректору Жанболот Турсунбаев мелдешке катышуучу командаларды куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Спорттук иш-чараны өткөрүүнүн максаты окутуучулар арасында достук мамилени чыңдоо, ынтымакты арттыруу, спортту өнүктүрүү жана жайылтуу болуп эсептелет.