Turmush — Баткен облусунун Кадамжай районунун акиминин мурунку орун басары Токто Илиязова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Ал бүгүн, 23-октябрда Кадамжай шаарында акыркы сапарга узатылат. Анын артында 3 уулу жана 1 кызы калды.
Өмүр баяны:
Илиязова Токто 1958-жылы 14-апрелде Кадамжай шаарчасында туулган.
- 1975-жылы Охна айылындагы Энгельс атындагы орто мектепти аяктаган.
- 1980-жылы ОГИПИнин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн артыкчылык диполом менен бүтүргөн.
- 1980-1981-жылдары Халмион айылындагы Токтогул атындагы, 1981-1993-жылдары Айдаркен шаарчасындагы СССРдин 50-жылдыгы атындагы мектептерде мугалим болуп эмгектенет.
- 1993-1996-жылдары Кадамжай лицейинде директордун орун басары (завуч), директор кызматтарында иштеген.
- 1996-1999-жылдары Кадамжай районундук администрациясынын башчысынын орун басары болуп иштеген;
- 1999-жылдан 2004-жылга чейин Кадамжай райондук социалдык жактан коргоо бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.
- 2004-2005-жылдары Баткен облусунун губернаторунун орун басары болуп иштеген.
- 2010-жылдан 2019-жылга чейин Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары болуп эмгектенген.
- 2020-2022-жылдары Кадамжай райондук почта бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткарган.
Бир нече жолу райондук, облустук кеңештин депутаттыгына шайланган.
Өкмөт тарабынан эмгеги бааланып, райондук, облустук, Кыргыз өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын президентинин ардак грамоталары менен сыйланган. Бир канча тармактык сыйлыктардын ээси болгон.
Исхак-Полотхан, Орозбеков айыл өкмөттөрүнүн жана Кадамжай районунун «Ардактуу атуулу» наамы ыйларылган.
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы Токто Илиязованын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.