Turmush — Ош технологиялык университетинин 60 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Таң эртеден баштап майрамдык маанай менен окуу жайдын жамааты жана студенттери келген конокторду тосуп алышты. Келген коноктор университеттин башкы корпусунда окуу жайдын жетишкендиктерин белгилеген көргөзмөгө күбө болушту.
Майрамдык салтанаттын алкагында «Тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү: инновациялар жана кызматташтык» деп аталган илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, бул иш-чарага алыскы жана жакынкы коңшулаш мамлекеттерден да окумуштуулар өздөрүнүн илимий изилдөөлөрү менен катышты.
Мааракеге Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Ош шаардык кеңешинин төрагасы, ОшТУнун бүтүрүүчүлөрү, өлкөнүнү бардык жогорку окуу жайларынын ректорлору жана ОшТУнун жалпы жамааты мааракеге катышты. Келген коноктор куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, белектерин тапшырышты.
Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев куттуктоо сөз сүйлөп, Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевдин атынан куттуктоо баракчасын берди. Ошондой эле өкүлчүлүктүн атынан ОшТУнун автоунаа жана технологиялык тейлөө факультетинин деканы Б.А.Жоробековго «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамын тапшырды.
Ректор Жанболот Турсунбаев ОшТУнун 60 жылдык юбилейлик медалын окуу жайдын өнүгүшүнө салым кошуп кеткен ардагерлерге жана сыймыктуу бүтүрүүчүлөргө тапшырды.
Ошондой эле техника илимдеринин доктору, профессор билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин директору Исмаилов Бактыбек Исхаковичке «ОшТУнун Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.
Россиянын эки жогорку окуу жайы менен ОшТУнун ортосунда ар тараптуу кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.
- Ош технологиялык университети 1963-жылы ачылган.