Turmush — Бүгүн, 20-октябрда Адышев Муса Мырзапаязович атындагы Ош технологиялык университетинин 60 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өтүп жатат.
Салтанаттын алкагында «Тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү: инновациялар жана кызматташтык» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясы уюштурулду.
Иш-чараны Ош технологиялык университетинин ректору, т.и.к., доцент Жанболот Турсунбаев ачты.
«Өлкөбүздүн тарыхы менен тагдырлаш болгон Ош технологиялык университети бүгүнкү күндө илимий пайдубалы бекем, курулуш, энергетика, автотранспорт, түрдүү багыттагы технологиялар, архитектура, экономика, менеджмент, экология, кибернетика жана маалыматтык технологиялар жаатында компетенттүү адистерди даярдоо боюнча эл аралык билим берүүгө шайкеш келген окутуунун өзгөчө усулу бар жогорку окуу жайлардын бири. Мамлекетибиздин өнүгүшү өндүрүш менен тыгыз байланышкандыктан биздин окуу жай өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуучу адистерди даярдайт», - деди ректор.
Иш-чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаарынын вице-мэри Марс Асанов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков катышып, алдыңкы кызматкерлерге билим берүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн атайын сыйлыктарды тапшырылды.
Министрдин орун басары Р. Авазбек уулу: «Мамлекетибизде илим-билим технологияны ар тараптуу өнүктүрүү аркылуу экономиканы көтөрүү максаты коюлган. Ошол маанилүү милдет менен жоопкерчиликти татыктуу аркалап келе жатасыздар», - деди.
Мындан сырткары 60 жылдык салтанатка ОшТУ менен ар тараптуу алакадагы Казактстан, Өзбекстан, Россия Федерациясында жогорку окуу жайлардын жетекчилери келип, кызматташуунун жемишин белгилеп, бир топ жаңы меморандумдарга кол коюлду.
Мындан сырткары ОшТУ тыгыз кызматташкан мекеме-ишкана жетекчилери, мурунку ректорлор, ар тармакта ийгиликтүү эмгектенип жаткан сыймыктуу бүтүрүүчүлөр катышып, куттуктоолор айтылды.
Пленардык жыйындын аягында бир катар конокторго ОшТУнун юбилейлик төш белгилери ыйгарылды.
ОшТУ да учурда 500дөн ашык профессордук-окутуучулук курам эмгектенип, 12 миңден ашуун студенттер жана магистанттар, аспиранттар билим алууда.
Мааракелик иш-чаралар жыл аягына чейин улантылат.